• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мэрликке талапкер Жунушалиев: Бишкекте бизнесим жок

26 Баш оона 2021 10:25 Бишкек Govori.TV

Менин эч кандай бизнес кызыкчылыгым жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Мен мэр болуп шайлансам коалициялык көпчүлүктүн, оппозициялык фракциянын, шаардык кеңешке өтпөй калган партиялардын сунуштарын программама киргизгенге аракет кылам. Бишкек шаарында эч кандай бизнес кызыкчылыгым жок. Бизнес жүргүзгөн эмесмин, оюм дагы жок. Сиздер ишеним көрсөтүп, шайласаңыздар калаанын өнүгүшү үчүн күнү-түнү иштегенге даярмын», — деди Айбек Жунушалиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 26-августта Бишкек шаарынын мэри шайланат. Мэрликке бир гана талапкер Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги катталган.

Количество просмотров: 270