Учурда Бишкек шаарында абал тынч. Бул тууралуу ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, абалды курчутуу же провокация фактылары катталган жок. «Тазалыктын» кызматкерлери митингчилерден кийин аянтты тазалап кетишти.
Бишкек шаардык милициясы коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында кадимки тартипте ишин улантууда.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы копсуздукка коркунуч жаралса “102” кыска номерине чалуу керектигин эскертет.