• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Милиция кызматкери “сойку” ташыйт деген маалыматка ИИМ жооп кайтарды

5 Чын куран 2020 13:14 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкери “сойку” ташыйт деген маалыматка ИИМ жооп кайтарды. ИИМдин Басма Сөз кызматы түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкери чын эле кармалган, ал коменданттык сааттын талаптарын бузуп жеке автоунаасы менен түнкү мезгилде шаар аралап жүргөндүгү үчүн милициянын түнкү кайгуул кызматы тарабынан кармалган жана ал өзүнө тиешелүү тартип жазасын алды.

Мекеменин басма сөз кызматы 2-апрелде билдиргенине караганда, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерин машинасы менен шаар ичинде кетип баратканда кайгуул кызматы токтоткон. Учурда ал коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1825