• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Милиция кызматкерлерин тургузуп ташыбоо үчүн кошумча автобустар бөлүндү

5 Чын куран 2020 13:04 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлерин автобустарда ташып жаткандыгы жөнүндө билдирүүлөр боюнча ИИМдин Басма Сөз кызматы маалымат берди.

Анда, автобуста кызматкерлердин саны көп болуп кеткен жагдайларды чечүү боюнча маселе каралып, алардын ар бирин орундуктарга гана олтургузуу, тургузуп ташыбоо жана жеке гигиеналык тазалыкты сактоо максатында кошумча автобустар бөлүндү.

«Сиздер баамдагандай автобуста кызматкерлердин саны көп болуп кеткен жагдайларды чечүү боюнча маселе каралып, алардын ар бирин орундуктарга гана олтургузуу, тургузуп ташыбоо жана жеке гигиеналык тазалыкты сактоо максатында кошумча автобустар бөлүндү. Автобустардын ичи атайын каражаттар менен тазаланып турат. Кызматкерлер атайын коргонуучу каражаттар, кол каптар, бет каптар менен камсыздалды», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер органдары жана башка күч түзүмдөрүнө коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо жүктөлгөн. Шаарда коомдук транспорт токтотулуп, жеке транспорт менен жүрүүгө дагы уруксат берилбегендиктен, милиция кызматкерлери дагы өз унааларын токтотууга туура келген.

«Көчөлөрдө кайгулдоого тартылган кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында алар жашаган жерине жакын милициянын бөлүмдөрү менен бөлүмчөсүнө бөлүнүп берилип, аталган бөлүктөрдө кызматтарын өтөөдө. Учурда аларга ысык тамак уюштуруу маселеси колго алынган, медициналык-гигиеналык каражаттар менен камсыз болууда. Автобус менен кызмат ордуларына баргандар кечинде кайра үйлөрүно жеткирилет. Алар эртең мененки саат 07.00 кечки саат 20.00 чейин гана күндүзгү жөө кайгуулда жана атайын посттордо кызмат өтөшүүдө. Түнкүсүн шаар ичин автопатруль көзөмөлгө алат. Андан сырткары Бишкек шаары боюнча коронавирусту алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын базасында коомдук коопсуздукту камсыздоого, алысыраак жайгашкан жерлерде алдын алуу иштерин жүргүзүүгө тартылган кайгуул посттору жана көчөлөрдү кайгуулдоочу кызматкерлерди атайын автобус менен кызмат өтөө жерине жана алардын жашаган жерине чейин ташуу уюштурулган», — деп айтылат маалыматта.


Количество просмотров: 163