• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Министр депутатка: «Мен кызматка жаңы эле келсем «кет» деп жатасыңар»

11 Бирдин айы 2019 15:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.02.2019. Govori.TV

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутат Мурадыл Мадеминов «өкмөттүн бюджетти толтурууга акылы жетпесе кетиши керек» деген пикирин айтты.

Төрөбай Зулпукаров мыйзам долбоорундагы кемчилик үчүн министрликти сынга алды

Опубликовано СДПК в ЖК КР Понедельник, 11 февраля 2019 г.

«Өкмөттүн бюджетти толтурууга акылы жетпесе, мындай өкмөттүн кереги жок. Алар кызматтан кетишип, жеке менчик тармакта иштесин. Ошондо туура болот. Бюджетти толтура албай жатабыз деп бул мыйзам долбооруна каршы чыкканыңар туура эмес», — дейт ал.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева: «Мен жаңы эле кызматка келсем «кет» деп жатасыңар. Бул мыйзам долбоору кабыл алынса бюджетке канча каражат түшпөй кала турганын сурадыңар, мен жооп бердим. Минтип айтканыңар туура эмес да», — деди.

Мадеминов бул сөз ага тиешелүү эместигин айтты.

Булак: SUPER.KG

Теги:
Количество просмотров: 25