• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Министр окуу китептерин чыгаруудагы кемчиликтер тууралуу үн катты

11 Бирдин айы 2019 16:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.02.2019. Govori.TV

“Долбоор 2015-2016-жылы башталган. Азыр дагы текшерүү жүрүп жатат. Аягына чыга элек”,-деп кыскача Govori.TV. агенттигине айтып, бир саат ичинде маектешүүгө макул болгон министр айым, телефон чалууга жооп бербей кутулду.

Кошумчалай кетсек, Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигин текшерип, окуу китептерин чыгарууда бир катар кемчиликтер кеткенин аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Дүйнөлүк банк “Билим берүү тармагындагы реформаларды колдоо” долбоорунун алкагында насыя жана грант катары жалпы суммасы 16,5 миллон долларга жеткен каражат берген.

Анын ининен 5-класстардын “Табият таануу”, 6-класстардын “География” китебин басып чыгаруу үчүн 4 миллион 168 миң доллар сарпталган.

“Китептерди иштеп чыгуу милдетин мойнуна алган “БК” ЖЧКсы келишимдин шарттарын бузуп, өз милдетин “И” ЖЧКсына өткөрүп берип койгон. Мындан тышкары, “БК” ишканасы китептердин туура эмес варианттарын көрсөтүп, министрлик аны бекитип берген. Жыйынтыгында 2018-жылы сапатсыз жана жараксыз китептер басылып чыккан”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жараксыз болуп калган китептерди басып чыгарууга мыйзамсыз түрдө 32 миллион 749 миң сом корогону кошумчаланды.

Аталган факты боюнча КРдин Жазыктар кодексинин 320 (“Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 204-беренелери (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголду. Иликтөө иштери уланууда.

Теги:
Количество просмотров: 23