• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Баатырова тууралуу эмне белгилүү?

23 Баш оона 2022 11:58 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Гүлнара Баатырованы саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Анын бул кызматка талапкерлиги кийинки айда Жогорку Кеңеште жайкы тыныгуудан кийин келгенде каралат.

Баатырова Гулнара Маришовна 1963 –жылы 29-октябрда Ош облусунда туулган. Билими жогорку. 1989-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медицина Институтун врач-дарылоочу кесибин аяктаган.

Гүлнара Баатырованын атына «Сабиров Бакай» кайрымдуулук фонду катталган.

Эмгек жолу:

  • 1986 – 1988 — жылдары Бишкек шаарындагы №2 клиникалык ооруканасында дарыгер-ординатор;
  • 1988 – 1993 — Кара-Суу райондук борбордук поликлиникасында участкалык терапевт, бөлүм башчысы, поликлиниканын башчысы;
  • 1993 – 1997 — жылдары Кара-Суу райондук борбордук поликлиникасында участкалык терапевт, бөлүм башчысы;
  • 1997 – 2001 — жылдары Кара-Суу райондук борбордук поликлиниканын башчысы;
  • 2001 – 2013 — жылдары Кара-Суу райондук Үй бүлөөлүк медицина борборунун директору;
  • 2013 – жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министирлигинин Медициналык-Аккредитациялоо Комиссиясынын төрайымы;
  • 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү.

Шайлоо органдарына катышуу:

  • 2004- жылы Кара-Суу шаардык Кеңешинин депутаты;
  • 2008-2011 – жылдары Кара-Суу шаардык Кеңешинин төрайымы;

Сыйлыктары:

  • 1998 – ж. Ош облмамадминистрациясынын Ардак Грамотасы;
  • 2001- ж. Кыргыз Республикасынын “Саламаттык сактоонун мыктысы”;
  • 2008 – ж. КР Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак Грамотасы;
  • 2009 – ж. Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы;
  • 2014 – ж. Кара-Суу районунун Ардактуу Атуулу;
  • 2016 – ж. КР Жогорку Кенешинин Ардак Грамотасы;
  • 2016 — ж. БШКсынын Ардак Грамотасы.
Количество просмотров: 11891