• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мирбек: «Үйдөгүлөр сүйгөнүңдөн баш тартып, жеңеңе үйлөн дейт…»

15 Бирдин айы 2019 17:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.02.2019. Govori.TV

Жашоодо ар кандай окуялар боло берет эмеспи. Ар бир адамга жараткан ар түрдүү сыноолорду берет тура. Эгерде ошол сыноолорду жеңип чыксак гана келечегибиз жакшы болот.

Бүгүнкү каарманыбыз башынан өтүп жаткан оор сыноолорду эл менен бөлүшкүсү келип, ват сап аркылуу төмөндөгүлөрдү айтып берди. Анда, кеп башынан болсун.

Атым Мирбек. Үй бүлөөдө үч бир тууганмын. Байкем, иним жана мен. Нарын областында төрөлүп өсүп, шаарга чоң окуу жайлардын биринде окуп, аны аяктаган соң өзүмчө бизнес ачкам. Кудайга шүгүр. Бизнесим жакшы болуп, алдыга карай умтула баштагам. Университетке келгенде эле группалаш кызым экөөбүз бири-бирибизди жактырып, ушул кезге чейин кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнбүз. Буйруса күздө үйлөнөм деген максаттарды коюп, жаңы жыл күнү сүйгөн кызымды ата-энем менен тааныштырып келгем. Кудай жалгап сүйгөнүм үйдөгүлөргө жагып, баары мени колдой башташты. Экөөбүз ал ан сайын бакытка бөлөнүп, күндө бири-бирибизди көрбөсөк сагынып, мамилебиз баштагыдан да ысык боло баштады.

Ошондой бактылуу күндөрдүн биринде айылдан мага телефон чалышып, батыраак айылга келип кал дешти. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей лакылдап, эртерээк айылга жетсем экен деп бараттым. Барсам үйдүн алдында боз үй тигилип, элдин баары аны тегеректеп ыйлап жатышыптыр. Көрсө улуу байкемдин көзү өтүп кетиптир.  Ашказаны ооруп жүрчү экен. Аны элес албай жүрө берип, анысы күчөсө да эч кимге айтпаптыр. Көргөн көзүмө ишенбей үйгө кирдим. Байкемди кичинесинен багып өстүргөн, аны жанындай көргөн, буту жакшы баспаган карып калган чоң энем бар. Кирип барсам эле чоң энем “Байкең жеңең менен эки баласын сага таштап кетпедиби”,-деп ыйлады. Аны коштоп жанындагы туугандарыбыз да ошол сөздү айтып ыйлашты. Жеңем менден үч жашка кичүү. Байкемдин бир баласы үчтө, бирөөсү боюнда бар болчу. Анда өзүмө келе албай жаткан кезим эле. Ал сөздүн төркүнүн түшүнгөн эмесмин. Ичимден байкемдин балдарын кор кылбай багышканга жардамдашам деп коем. 

Ошентип байкемди жайына берип, арадан бир канча күн өткөндөн кийин туугандар баары чогулушуп мени чакырып: “Байкеңди канча ыйласак да кайрып келе албайбыз. Жеңең да ай күнүнө жетип калды. Жакында төрөйт. Байкеңдин балдарына башка бирөө ата болуп бере албайт. Келин да биздин өз кызыбыздай болуп калды. Ошондуктан Мирбек, сен жеңеңе үйлөн! Шаштырбайбыз! Жөн гана жакшылап ойлон”,-дешти. Бул сөздөрдү укканда гана мага башында эмнени айтышканын түшүндүм. Башым маң болуп, катып калдым. Эмне деп жооп беришти билбейм. Унчукпастан эшикке чыгып кеттим. Атты миниип алып, чаптырып кете бердим, кете бердим.  Бир маалда ээн талаага келип калыпмын. Аттан түшүп “Ааааааа”,- деп бакырып алдым. “Эмне кылам? Жок десем чоң энем байкемдин балдарын ойлой берип ал да өтүп кетет кетсечи. Жеңем да жаш. Турмуш куруш керек. Ал турмуш курса, анын жаңы күйөсү балдарына өз атадай болбой кордосочу. Балдарды биз алып калсак алар апасын сагынып куса болушат. Макул болуп үйлөнсөм кантип жашайм? Өзүмдүн сүйгөнүмдү кантип таштайм? Ал экөөбүз алдыга койгон максаттарыбыз ишке ашпай, келечекте элестеткен бактылуу күндөрүбүздүн бирин да көрбөй эки башка жолго түшөбүзбү? Эмне кылааааам”,- деп кыйкырып, кыйкырып алдым. Акыры ойлоно берип “ Үйлөнбөйм! Жөн гана байкемдин балдарын жакшылап багууга аракет кылам”,- деген чечимге келдим.

Үйгө бардым да жообумду айттым. Алар кайра эле, дагы бир жолу ойлонуп көрүүмдү өтүнүштү.

Ошентип арадан убакыт өтүп, жеңем да көз жарды. Бала төрөлөөрү менен эле медайым мени баланын атасы деп ойлосо керек, ымыркайды мага карматып, “Ата болушуңуз менен!”, деп жылмайды. Эмне деп айтышты билбей эле баланы колума алдым. Ушуга чейин жаңы төрөлгөн наристе таттуу болоорун сезбептирмин. Чындап эле балалуу болгондой сезим болуп, өзүмдү бактылуу сездим. “Ушундай балага менден башка ким татыктуу ата болуп бере алмак эле, балдар үчүн жеңеме үйлөнөм”,-деген чечим кабыл алдым. Эми ал чечимди сүйгөнүмө айтыш керек эле.

Айла жок ичимден сыздап турсам да кабыл алган чечимимди сүйгөнүмө айтыш үчүн шаарга келдим. Адаттагыдай эле күндө жолукчу парктан жолуктук. Ал мага боору ооруп, көңүл айтып жатты. Мен болсо чечимимди кантип айтаарымды билбей, аны көргөндө кайра жеңеме үйлөнгүм келбей жатты. Акыры кыйналып жатып айттым. Байкушум, сүйгөнүм менин! Буркурап боздоп ыйлады. “Жеңең күйөөгө тие берсин. Балдарын биз багалычы. Сөз берем! Өз балдарымдай багам! Азыр заманбап жашоо го. Ушундай кантип болсун?”,-деди. Айтор экөөбүз кучакташып алып көпкө ыйладык. Акыры канча кыйналсак да экөөбүз эки бөлөк жолго түшүүнү чечтик. Сүйгөнүм менен сыздаган боюнча кош айтыштым да бизнести досума убактылуу тапшырып кайра айылга келдим.

Мен келгиче үйдөгүлөр жеңемди да көндүрүп коюшуптур. Ошентип канча кыйналып турсак да жеңем экөөбүз тең балдар үчүн деп баш коштук. Бирок бир бөлмөдө уктаганыбыз менен эки башка жатабыз. Жеңеме жоломок тургай, колун кармагандан тартынам.

Акыркы күндөрү жүрөгүм кысылып, жашоом кызыксыз өтүп жатат. Бир гана бизди алаксыткан кичинекей наристелер. Ошолордун ар бир кылыгына кызыгуу менен ар бир таң атып, күн батат.  Алдыда бизди кандай келечек күтүп турат? Аны бир гана Аллах билет. Менин жашоом жөнүндө окугандан кийин ар бир адам келечегин туура нукка буруп жашайт деген ойдомун.

Мирбек, Бишкек шаары

Булак: «Ачык саясат»

Количество просмотров: 50