• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Митингчилердин талаптары көбөйдү

17 Үчтүн айы 2019 14:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.01.2019. Govori.TV.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн чыгаруу талабы менен чыккандар 17-январда кезектеги митингин уюштурушту.

Байкоочулардын болжолдуу эсебинде 300-400 киши катышып жаткан акциянын катышуучулары «жыйынга бийлик өкүлдөрү келсин» деген талапты коюшту.

Митингчилердин мурдагы койгон эки талабына дагы да бир нече талаптар кошулуп, аны жазуу түрүндө бийлик өкүлдөрүнө жиберүү чечилди.

Алар: Чет мамлекеттик жарандарга квота азайтылсын; эгемендүүлүктөн бери кытайдан алган карыздарын баарын бийлик жана «элдик көзөмөл» менен биргеликте текшерүулөрдү жүргүзүү; «элдик көзөмөлдү» түзүп берилүүсү; паспорттогу алынып калган улуту деген жерди кайра мурдакы калыбына келтирилүсү; айып пулдар маселесин кайрадан карап чыгуу; чет элдик жарандарга турмушка чыккан кыздарга көзөмөл жүргүзүү; ЖКте депутаттардын санын азайтуу; кыргыз тил комиссиясын «элдик көзөмөл» текшерип турсун.


Эске салсак, Бишкекте 7-январда Кыргызстандагы мыйзамсыз кытай мигранттарына каршы митинг болуп, ага 300дөй адам катышкан. Протест кылуу акциясында 2 талап болгон, биринчиси – чет өлкөлүктөргө Кыргыз Республикасынын жарандыгшын берүүгө тыюу салуу. Экинчиси – легалсыздарды депортациялоо

Теги:
Количество просмотров: 7