• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Митингде каза болгон 19 жаштагы жигит бүгүн жерге берилди

8 Тогуздун айы 2020 14:14 Бишкек Govori.TV

5-октябрда башаламандык учурунда каза болгон 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүтбектин сөөгү бүгүн кичи мекенинде жерге берилди. Бул тууралуу анын айылдаштары социалдык тармактарга жазды.

Маалыматка ылайык, маркум Алтынбек уулу Үмүтбек Лейлек районунун Кара-Булак айылында жерге берилген. Ал үй-бүлөдө жалгыз уул болгон.

Эске салсак, 5-октябрда «Ала-Тоо» аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен болгон кагылышууда 686 киши жабыркаган.

Алардын арасында 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу да болгон. Ал кулак тундуруучу граната жарылганда бутунан оор жаракат алып, ооруканада каза болгон.

Количество просмотров: 585