• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Митингде Тилек Токтогазиев жараат алды

9 Тогуздун айы 2020 18:21 Бишкек Govori.TV

«Ала-Тоо» аянтындагы митингде «Ата-Мекен» партиясынын өкүлү Тилек Токтогазиев жараат алды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдирди.

Окуянын видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланды. Тасмадан эсин жоготкон Токтогазиевди бир нече адам көтөрүп бара жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, бүгүн Атамбаевдин тарапкерлери алгач «Форум» имаратына чогулушкан. Аларга Бабанов келип кошулуп, митингчилер Ала-Тоо аянтына келишкен. Аларга «Республика» партиясынын тарапкерлери жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы Бишкектеги башкы темир жол вокзалынын жанындагы акцияга чыккан жаш активисттер келип кошулган. Арасында Тилек Токтогазиев дагы бар болчу.

Количество просмотров: 1949