• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Митингдин уюштуруучусу Аманбол Бабакуловду милиция кармап кетти

17 Үчтүн айы 201917:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.01.2018. Govori.TV.

Бүгүн, 17-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында кытайларга каршы митинг өттү.
Уюштуруучу Аманбол Бабакулов саат 13:00гө чейин уруксат алганын айткан. Бирок митингчилер депутаттар чыксын деп кетпей туруп алышты.
Митингчилердин расмий өкүлдөрү Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугуп чыгышты. Жолугушууда эмне сөздөр болгонун айтып беришти, бирок митингчилерди бул жооп канааттандырган жок. Ак үйдү көздөй митингчилер жол тартканда милиция аларды кармап кетти, калгандарын таратып салышты.
Активист Адиль Турдугулов митингдин уюштуруучусу Аманбол Бабакуловду милиция кармап кеткенин фейсбукка жазды.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2189663391288237&set=a.1379976828923568&type=3&theater

Андагы маалыматка таянсак, Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын бүгүн карайт.

Количество просмотров: 17