• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Момбеков: Бийлик күзгүдөн өзүн мокочо көрүп алып, аны талкалабашы керек

3 Тогуздун айы 2019 15:59 Бишкек Govori.TV

Сөз эркиндиги, массалык маалымат каражаттары бийликтин эл алдындагы күзгүсү. Бул пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Анын айтымында, бийлик күзгүнүн алдында кыйшык отуруп же өзүн мокочо көрүп алып, күзгүнү талкалабаш керек.

Азыркы учурда бийлик өзүнүн өңүн күзгүдөн көрүп алып чоочуп, аны сындап жатат. Ал эми сөз эркиндигине болгон чектөө бул- кектөө. Акыркы 6 айдын ичинде сөз эркиндигине бийлик тараптан чектөөлөр болуп жатканы байкалууда. Кыргызда «Баш кесмек бар, тил кесмек жок», — деген макал бар. Бир тилди кесе турган болсо, миң тил чыгат булар ошону унутуп жатат, -деди Момбеков.

Количество просмотров: 178