• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Момбеков: “Космосбек Сариевич, президентти кыйнабай кызматтан кетип калыңыз”

6 Бирдин айы 2019 13:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.02.2019. Govori.TV

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Рыскелди Момбеков саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге отставкага кетүү сунушун берди.

«Буга чейин Дүйшөнбек Зилалиев өзүнө  «Lexus»  унаасын сатып алган, андан соң кызматтан алынды. Ушундай эле көрүнүш Транспорт жана жолдор министринин орун басарында кайталанды. Жамшитбек Калилов кызматын тапшырды. Президентти, өкмөттү, депутаттарды кыйнабай отставкага кетип калсаңыз жакшы болмок»- деди депутат.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев гранттык акчанын эсебинен кымбат жол тандабастарды кызматтык унаа катары сатып алганы ачыкка чыккан.

Парламенттин депутаты Аида Исмаилова медицина тармагында акча тартыш болуп жатканда бул жетекчилердин кылган иш-аракетин аягына чейин териштирип, алардын жоопкерчилигин кароону өкмөт башчысынан талап кыларын билдирген.

Количество просмотров: 43