Жаңы аянтты салган кишиге эски аянттын атын берген бул эскилик эмес, кемчилик да. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.
“Быйыл 4-февралда президент Сооронбай Жээнбеков белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилөө боюнча Жарлыкка кол койгон болчу. Кечээ мен Кочкордон келген Турдакун Усубалиевдин туугандарын, жердештерин кабыл алдым. Ачык эле айтайын, алар азыркы аткаруу бийлигинин ишине нааразы экен. Мэрия эски аянтка Усубалиевдин атын беребиз деп жатыптыр. Эй, ушул уят эмеспи. Жаңы аянтты салган кишиге эски аянттын атын берген бул эскилик эмес, кемчилик да», — деди ал.