• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Москвада кыргыз жараны метрого кулап түшүп жаракат алды

2 Бирдин айы 201912:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.02.2019. Govori.TV

Москвада метродо рельске кулап түшкөн 16 жаштагы Кыргыз жаранынын сан сөөгү сынып, башынан жаракат алган Москвада метродо рельске кулап түшкөн 16 жаштагы Кыргыз жаранынын сан сөөгү сынып, башынан жаракат алган. Бул тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя, 1-февралда саат 12:20лар чамасында «Сходненская» станциясында болгон. Рельске кулап кеткен жаран тууралуу машинистке кабар берилгени маалымдалды. Поезд чукул токтотогону менен жарандын үстүнөн өткөн. Кыргыз жараны рельстердин ортосуна кулагандыктан тирүү калган. Куткаруучулар аны алып чыгышкандан кийин ооруканага жеткирилген. Баш сөөгү катуу жабыркап, сан сөөгү сынганы жана денесинен бир нече жаркат алганы маалым болду. Элчиликтен окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдиришти.

Теги:
Количество просмотров: 23