• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Москвада кыргызстандык келин метронун ажатканасына төрөп, ымыркайын таштап кеткен

24 Аяк оона 2019 11:09 Бишкек Govori.TV

Москвадагы “Коломенское” метронун ажатканасына кыргызстандык мигрант келин төрөп, таштап кеткени боюнча “Комсомольская правда” жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бул окуя 19-сентябрда болгон. Жаңы төрөлгөн ымыркай кызды ажаткана тазалаган аял таап алып, полиция чакырган. Айтылган дарекке тез жардам барып, ымыркайды алып кеткен. Ошол эле күнү наристенин энеси да төрөтканага түшүп, ошол жерден врачтарга болгон окуяны айтып берген.

Учурда иш козголуп, тергөө иши башталган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Количество просмотров: 237