• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Москвада кыргызстандык жумушчуну сабаган жетекчи камакка алынды

4 Бирдин айы 201916:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.02.2019. Govori.TV

25-январда Москвада кыргызстандык 21 жаштагы жумушчу жетекчиси тарабынан сабалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 25-январь күнү Москвадагы ооруканага Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1998-жылы туулган А.Х. аттуу тургуну бети жана башынан оор жаракат алып түшкөндүгү боюнча маалымат келген. Милициянын өкүлдөрү ооруканага барышып, окуя боюнча териштирүү жүргүзгөн. Анда А.Х. Москва шаарынын Арбат районундагы «Жилищник» мамлекеттик мекемесинде короочу болуп иштей турганы аныкталган. Ал 25-январь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында коммуналдык чарбачылыктын жетекчиси тарабынан сабалган. Бирок ооруканага түшкөндө алган жаракаты өндүрүштүк жаракат деп көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу жогорудагы факты криминалдык жаракат катары катталбай, укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынган эмес.

Окуяны териштирүүдөн соң жабырлануучунун арызын аймактар боюнча каттоо үчүн ооруканадан тактама алынган. А.З. аттуу жарандын арызы ИИМдин Москва шаарынын Арбат району боюнча бөлүмүнүн кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү каттоо китебине катталган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аны сабоого шектелген адамдын ысымы такталды. Ал Арбат районунда «Жилищник» мамлекеттик мекемесинин башчысынын милдетин аткаруучу, Россиянын 1980-жылы туулган жараны Г.Н. экендиги такталды. Ал камакка алынып, Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Курал катары пайдаланылган предметтерди колдонуу менен саламаттыкка атайылап залал келтирүү) боюнча кылмыш иш козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 189