• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвада метродо рельске кулап түшкөн кыргыз жараны каза болду. Сөөгүн алып келүүгө каражат топтолууда

3 Бирдин айы 2019 9:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.02.2019. Govori.TV

Москвада метродо рельске кулап түшкөн Кыргыз жараны каза болду, анын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө каражат чогултулуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

Ал сөөктү жөнөтүү боюнча уруксат кагаздар чогултулуп жатканын айтты. Ошону менен бирге Тергөө комитети дем алыш күндөрү иштебегендиктен маселе дүйшөмбү күнү чечилерин кошумчалады.

Маалым болгондой, маркум Асанов Б. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябрь айылында 2003-жылы туулган. Алар үй-бүлөсү менен Москвада жашап жатышкан. Ал 4 бир туугандын экинчиси болгон. Окуя 1-февралда саат 12:20лар чамасында «Сходненская» станциясында катталган.

Рельске кулап кеткен жаран тууралуу машинистке кабар берилгенде машинист поездди чукул токтотуп, бирок поезд жарандын үстүнөн өткөн. 2003-жылы туулган Асанов Б. аттуу Кыргыз жараны рельстердин ортосуна кулап кеткен. Анын баш сөөгү жабыркап, сан сөөгү сынган жана денесинин бир нече жеринен жаракат алган.

Ал Москвадагы ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатып көз жумганы маалым болду.

Каражат которуу тууралуу маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу билсеңиздер болот. +7 (965) 387-06-12 Улан Кошматов +7 (966) 099-53-03 Кырбашев Эркинбек +7 (926) 901-95-85 Күмүшбек Сейдакматов.

Булак: super.kg

Количество просмотров: 34