• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Москвада өткөн көк бөрү оюну жергиликтүүлөрдүн кыжырын кайнатты

27 Бирдин айы 2019 16:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.

Москвада өткөн көк бөрү оюну жергиликтүүлөрдүн кыжырын кайнатты. Жаныбарларга аёосуз мамиле кылынды деген себеп менен уюштуруучуларды жоопко тартууну талап кылышууда. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, интернетте онлайн түрүндө кол чогултуу жүргүзүлүүдө. Оюн Москванын борбордук ипподромунда өткөнүн, мындай оюнга жол бергени үчүн ат майдандын жетекчилигине да чара көрүү талабы коюлган.

Көк бөрүдө аттарга аёосуз мамиле жасалып, ал москвалык балдарга терс таасир этери жазылган.

Кошумчалай кетсек, 24-февралда Кыргызстандан барган мигранттар Москванын борбордук ипподромунда көк бөрү оюнун өткөн. Ага 14 миңден ашык көрүүчү кирген.

Количество просмотров: 25