Бишкек. 12.03.2019. Govori.TV
Кечээ, 11- мартта “Москва” соода борборундагы Кыргыз жарандарын массалык кармоо боюнча интернетке маалымат тараган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин төмөнкүлөрдү билдирди:
Кыргызстандын Оруссиядагы Ички иштер министирлигинин кызматкерлеринин маалыматы боюнча бул иш Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан пландалып жасалган текшерүү болгон. Ошондой эле мындай текшерүүлөр Орусияда маал- маалы менен өткөрүлүп турат.
Бардык кармалгандардын чек арадан өтүү мөөнөттөрү текшерилип, анын ичинде Орусиянын Административдик кодексиндеги башка талаптар боюнча да документтери текшерилген.
Орусиянын Ички иштер министрлиги менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин, кармалган Кыргызстандын 50 жараны бошотулду.