• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Муфтият обсервация жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга 1 миң 415 орун берүүгө даяр

9 Теке 2020 11:49 Бишкек Govori.TV

Муфтият обсервация жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга 1 миң 415 орун берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев билдиргенин муфтияттын басма сөз кызматы кабарлайт.

Муфтийдин айтуусунда, ушул күнгө чейин 7 диний окуу жай жергиликтүү бийлик менен макулдашып, обсервация катары пайдаланууга берилген.

«Премьер-министр Кубатбек Боронов, муфтият, казыят жана Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши менен макулдашып, республикадагы 29 диний окуу жайды обсервация жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даярбыз. Жалпы ал жерде 1 миң 415 орундук болот. Бул элибизге дин кызматкерлеринин жардамы», — дейт муфтий Токтомушев.

Ошондой эле муфтий дарыгерлерге ыраазычылык билдирген.

«Учурдан пайдаланып дарыгерлерге, кыйын мезгилде жардам колун сунуп жаткан жоомарт мекендештериме чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем. Кудайым бергендерге өзүнүн берекесин эселетип берсин. Дарыгерлерге жалпы муфтияттын айтынан терең ыраазычылык билдирем. Биз эл менен биргебиз. Учурда өлкө боюнча 100дөн ашуун диний окуу жай, 3000ден ашуун мечит бар. Алла Таалам ооруну күчөтпөсүн, керек болуп калса, анда буларды дагы карап көрүүгө даярбыз», — деп айтылат муфтийдин билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 66