• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Мукар Чолпонбаев: Саясий негизде соттолгондорго ырайым кылуу туура болот

27 Бештин айы 20189:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.12.2018.Govori.TV

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурунку төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев Президент Сооронбай Жээнбеков башында турган бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу катын жеке баракчасы аркылуу жолдоду.

Кайрылуу кат өзгөртүүсүз берилет.

“Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго, Жогорку Кеңештин Төрагасы Д.А.Жумабековго.,Жогорку Кеңештин партиялык фракцияларынын жетекчилерине: 
Кайрылуу 
Урматтуу Сооронбай Шарипович.
Урматтуу Дастан Артисбекович
Урматтуу ЖКнын фракция жетекчилери
Мындан эки күн мурун, Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын демилгеси менен даярдалган, ЖКнын мурунку депутаты Ө.Ч.Текебаевге райымдуулук берүү жөнүндөгү Президентке жолдонгон кайрылууну Жогорку Кеңештин партиялык 6 фракциясынын жетекчилери кубаттап кол кюп жиберишкен.
Ал кайрылууда Ө.Ч.Текебаев мыйзамсыз, эч бир күнөөсү далилденбестен туруп соттолгондугу, буга мурунку Президент А.Ш.Атамбаев тергөөчүлөгө, прокурорлорго жана сотторго буйрук берүү менен соттоткондугу, саясий куугунтук болгондугу жана Ө.Ч.Текебаев өзүн күнөөлүү деп эсептебегендиктен Президентке райым сурап кайрылбай жаткандыгы көрсөтүлүп, анын жеке арызы жок деле райым кылып, жазадан бошотуп коюу суралган.

Мен мындай демилгени колдойм, бирок бир гана суроо, эмне үчүн жалгыз гана Текебаев, так ошондой шартта, саясий куугунтуктун негизинде андан башка да бир канча адам соттолуп, жазасын өтөп жатышат, же жазасын өтөп бүтүштү. Анын ичинде С.Жапаров да күнөөсүн мойнуна алган эмес, ал тургай жабырлануучу да Жапаровдун эч кандай күнөөсү жок деп айтып жатат. Ал эми Талгарбеков, Султановдордун тобу да, Б.Асанов менен К.Кадыров да, Д.Сарыгуловдун тобу да ошондой эле саясий куугунтук шарты менен соттолушпады беле.
Эгер Кыргызстанда мыйзамдар барына тең жана бирдей боло турган болсо, эмне үчүн Жогорку Кеңештин фракция жетекчилери барына бирдей мамиле кылышпайт.


Андан сырткары, Конституция түз аракеттеги баш мыйзам болсо да, анда Президенттин райым берүү укугу каралса да, кийинки мыйзамдар менен ошол райым берүү шарттары такталган эмеспи. Ошол шарттардын бири, соттолгон адам кылган күнөөсүн мойнуна алып, түзөлүү жолуна түштү дегенди түшүндүргөн жеке өзүнүн Президентке жазган райым сурап кайрылуусу керек эмеспи. Бул жеке шарт. Ал эми азыр көпчүлүк эл айтып жүргөндөй, жогоруда айтылып кеткендердин баарын «Саясий туткун» атап, баары бирдей мурунку Президент А.Ш,Атамбаевдин саясий куугунтугунун негизинде соттолушкандыгына макул болсок, анда бир саясий чечим менен Ө.Ч.Текебаевди баш кылып бардык саясий негизде соттолгондорго райым кылуу туура болоор эле.


Мындай саясий чечимдер мындан мурун деле өзүбүздүн Кыргызстанда да, коңшу Россияда да болуп келген.
Ошондуктан урматтуу Жогорку Кеңештин төрагасы жана партиялык фракция жетекчилери, Президентке Ө.Ч. Текебаев райым кылуу жөнүндө жазылган кайрылууңуздарга калган бардык саясий негизде соттолгондорду кошуп койсоңуздар.


Урматтуу Сооронбай Шарипович, мурунку Президент А.Ш.Атамбаевдин саясий куугунтугунун негизинде соттолушкан Ө.Ч.Текебаевге, С.Н.Жапапровго, Б.Талгарбековдун тобуна, Д.Сарыгуловдун тобуна, Б.Асановго жана К.Кадыровго бирдей саясий чечим чыгарып, баарына райым берип, боштондукка чыгарууңузду өтүнөм.»,-деп жазылат кайрылуу катында.
 

  

Теги:
Количество просмотров: 29