Бишкек.31.01.2019.Govori.TV.
ЖК депутаты Мирлан Бакиров Кыргыз Республикасынын экс-президенттерин, мурдакы өкмөт башчыларын жана экс-спикерлерин мамлекеттин эсебинен өмүрүнүн акырына чейин камсыз кылуу тууралуу сунушун киргизип, Жогору кызмат ээлери тууралуу мыйзам коомдук талкууга коюлган.
Бул тууралуу ЖК мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиевге суроо салганыбызда, мындан кабары жок экендигин айтып, бирок, бул сунуш туура эмес экенин кошумчалады.
«Мамлекеттин эсебинен камсыз кылуу бул туура эмес. Мен ойлоп атам мисалы, пенсиясын карап бериш керек. Премьер болуп иштесе да айрымдардын пенсиясы төмөнүрөөк болуп жатат. Ал эми калган жагын жөн эле койсо болот. Эми бул мамлекеттин эсебинен камсыз кылуу бул баягы совет доорунан калган адеп болуш керек. Баарыбыз тең болуубуз керек да»,-деди ал.
Амангелди Муралиев 1999 — 2000 жж КР премьер-министри болуп иштеген.