• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Мурат Суталинов гипертониялык криз болгондугу айтылды

16 Чын куран 201912:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.

ЖАМКтын тараткан маалыматына ылайык УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун абалы начарлар, гипертониялык кризис болгондуктан Улуттук онкология борборуна которулган.

Белгилүү болгондой ал борборго 1-апрелде эле жайгаштырылган.

«Улуттук онкология борборунун жазган маалым катына ылайык Суталинов 11-апрелде гипертониялык кризис болгон. Мындан улам даарыгер аны ооруканадан чыгарууга уруксаат берген эмес»,- деп айтылат маалыматта.

Суталиновдун ден соолугу начарлап сотко келбегендиктен соттук отурум 7-майга жылдырылды. Отурум 15-апрелде өтмөк.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал «2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган» деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

Жактоочусу Тимур Карабаев Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканын айтып, аны абактан бошотуу өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна кайрылган. Сот отурумунун жүрүшүндө, анын саламаттыгы боюнча чечим кабыл алган комиссия мүчөлөрү да Суталинов бөйрөктүн 4-даражадагы рагы менен жабыркап жатканын айтышкан. Бирок Ленин райондук соту мамлекеттик айыптоочунун каршы болгондугуна таянып, Мурат Суталиновду абактан бошотуудан баш тарткан.


Теги:
Количество просмотров: 22