• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Мурда бир нече жолу соттолгон жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

27 Чын куран 2023 16:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте мурда бир нече жолу соттолгон жаран алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, март айынын аягында уюлдук телефонун алып, белгисиз тарапка качып кеткен жаранга карата тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Жабырлануучунун айтымында, телефондун сыртындагы капчыгына акча каражатын катып койгон.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренси менен кылмыш иши козголгон.

Милициянын аракети менен бул кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун тургуну 1995-жылы туулган Б.М. аттуу жаран кармалды. Ал буга чейин мыйзамсыз аракеттери үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды.

Кылмышка шектүү жаран Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине катыштыгы текшерилип, кошумча иш аракеттер көрүлүүдө.

Количество просмотров: 65