Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.
Бүгүн 4-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралат.
Мурдагы башкы прокурор жана «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалды.
Эске салсак, буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин айткан болчу.
Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш быйыл кайра иликтене баштады.