• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Мурдагы каржы министри Ольга Лавровага ТЭЦ боюнча айып тагылды

12 Бирдин айы 201913:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.02.2019.Govori.TV.

Башкы прокуратура мурдагы финансы министри Ольга Лаврова Бишкек ТЭЦ боюнча ачылган кылмыш ишинин фигуранты экенин маалымдады.

Башкы көзөмөл органы борбордук ТЭЦ боюнча иштердин материалын иликтеп бүттү. Ага байланыштуу С Исаковго, Ж Сатыбалдиевге, О Артыкбаевге, А Калиевге, С Авазовго, О Лаврова жана башкаларга айып тагылган.

Башкы прокуратура О. Лаврова тууралуу маалыматты алгачкы жолу ачыкка чыгарды.

Эске салсак, Ольга Лаврова учурда «Газпром Кыргызстан» ОсООсунун башкы директорунун орун басары болуп эмгектенүүдө.

Количество просмотров: 34