• Жума 27 Жетинин айы 2020

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жүрөгүнө операция жасалды

13 ноября 2020 в 17:34 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Акыйкатчы институтунун аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы Токон Мамытов бүгүн Улуттук госпиталда жаткан Жантөрө Сатыбалдиевге жолуккан. Анда Сатыбалдиев жакында эле жүрөгүнө операция жасалганын айткан.

Ошондой эле Сатыбалдиев ага карата козголгон кылмыш иши боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Жогорку сотко кайрылганын билдирди. Соттук отурум 6-декабрга дайындалган.

Сатыбалдиев 7-октябрда Бишкек шаарындагы баш аламандыктар учурунда абактан бошотулган. Ал Бишкек ЖЭБди модернизациялоо учурундагы коррупция боюнча Свердлов райондук соту тарабынан жети жыл алты айга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 46