Мурдагы саламаттыкты сактоо министри, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, саламаттыкты сактоонун жогорку квалификациялуу уюштуруучусу Ниязов Шайлообек 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Ниязов Ш.Н. 1946-жылы 15-мартта Чүй облусунун Москва районундагы Ак Торпок айылында туулган.
1971-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.
Эмгек жолун 1972-жылы Майлуу-Суу медициналык окуу жайында хирургия мугалими болуп баштаган. Андан кийин Майлуу-Суу шаардык бириккен ооруканасына амбулатордук жардам көрсөтүү боюнча башкы дарыгердин орун басары болуп которулган.
1980-1984-жылдары Майлуу-Суу жана Кара-Балта медициналык окуу жайларынын директору болуп иштеген. 1987-жылы Калинин борбордук аймактык ооруканасынын башкы дарыгери, ал эми 1991-жылы Чүй облустук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы кызматына көрсөтүлгөн.
2000-жылдын январь айынан баштап Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп иштеген.
2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактооминистри болгон.