• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси болду

22 Тогуздун айы 2020 19:10 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чыңгыз Азаматович Президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишилген натыйжаларды эске алуу менен кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Кадрдык курамды жашартуу мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамилелерди киргизүүгө, ар кыл тармактарда системдүү өзгөртүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз түзүүгө өбөлгө болот.

Количество просмотров: 390