• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Мурунку мэр Албек Ибраимов токойду качан менчиктеп алган?

8 Үчтүн айы 201918:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.2019.Govori.TV.

Мурунку мэр Албек Ибраимовдун менчигинде токой бар болуп чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазып чыкты.

Албек Ибраимовдун туугандары 2015-жылкы декларация боюнча 29 жер аянтына ээ болушкан. Анда жер аянттын эң чоңу 7 миң 140 чарчы метр, эң кичинекей 2 миң чарчы метрди түзөт. Ушундай эле жер аянтына Ибраимовдордун үй-бүлөсү 2016-жылы ээ болушкан.

2017-жылкы декларацияда Албек Ибраимов 5 миллион 654 миң 311 сом иштеп тапкан деп көрсөтүлгөн. Анын 101,8 гектар айыл чарба маанисиндеги жери, 10,2 гектар токою жана гаражы бар экени көрсөтүлгөн.

Албек Ибраимовдун өзүнүн жана туугандарынын турак жайы жок. Алар бир жылда 6 миллион сом иштеп табышкан. Алардын менчигинде «Тойота RAV 4» унаа катталган.

Эске салсак, Албек Ибраимовго жемкорлук айыбы тагылууда.

Теги:
Количество просмотров: 19