Өзбекстандык мушкер Бекзод Нурматов Грозныйда өткөн АСА (Absolute Championship Akhmat) 100 турниринен кийин каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, турнир 4-октябрда Россиянын Грозный шаарында өтүп, Нурматов россиялык Беслан Исаевден жеңилип калган. Өзбекстандык мушкер беттештен кийин инсульт дарты менен ооруканага жеткирилген.
Кошумчалай кетсек, Бекзод Нурматов профессионалдык карьерасын 2016-жылы баштап, 13 беттеш өткөрүп, он биринде жеңишке жеткен.