• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Музейдеги жылаңач аял чыккан көргөзмө тууралуу Жээнбеков үн катты

25 Бештин айы 2019 12:47 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Анда талкууга алынга феминизм тууралуу суроо узатылды.

Ал эми Жээнбеков кыргызда илгертеден бери аялдарга аяр мамиле кылып келишкен деди.

Аялдарды музейге алып чыгып алып, жылаңач чечинтүү бул менин оюмча кемсинтүү болду. Аны караш үчүн, көрүш үчүн апаңды ойло, аялыңды ойло… Ал эми айрым саясатчылар, эксперттер чыгып алып, андай нерсе бизде тарыхта болгон деп, жанагы төө чечмей дегенди мисал кылышыптыр, бул ачык айтканда мазактоо да. Мен мисалы музейге бардым. Мира Жангарачева айтты музейде эч кандай ремонт болбоптур. Мен аны колдогом, эмки жылга план киргизгенбиз. Эми мындай болуп кетти, жаман иш болду», — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өттү. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.

Количество просмотров: 2282