Бишкек.27.12.2018.Govori.TV
Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Асылдуулугу төмөн айыл-чарба жерлерин өздөштүрүүчөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жер кодексине,“Жайыттар жөнүндө” мыйзамга, “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодекске,“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамга, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” мыйзамга, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.
Мыйзам долбоорунун концепциясы менен демилгечилердин бири, депутат Мирлан Бакиров тааныштырды. Анын айтымында, бул мыйзам долбоору жер-жерлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дыйкандардын катышуусунда коомдук талкуулар өткөрүлгөн. Мыйзам долбоорунун концепциясында асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин өздөштүрүүгө көп жылга пайдаланууга берүү максаты коюлган. Тагыраак айтканда,бонитети төмөн жайыттарды көп жылдык мөмөлүү бак-дарактарды тигүү үчүн трансформациялоого багытталган. Муну менен айыл чарба жерлерин кыйла интенсивдүү пайдаланууга жетишилет.
Асылдуулугу төмөн жайыттарда топурактын эрозиялык процесстери токтойт. Багбанчылык өнүгөт. Калк өз алдынча жумуш орундарын түзүп, кирешелери өсөт. Республиканын экспорттук дарамети жогорулап,экономикага да чоң салым кошот, экологиянын жакшырышына өбөлгө болот.
Кайра иштетүүчү ишканаларга чийки зат базасы түзүлөт. Салыктык кирешелер көбөйөт.Себеби, мурда жайыт үчүн бир гектарга 12 сомдон белгиленген болсо, бул жерлерге мөмө-жемиш бактары тигилет. Бакчалар үчүн салык 25 сомдон болуп, салыктык кирешелер артат.
Талкууда депутаттар мыйзам долбоорун колдоого алышты. Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары — М. Бакиров, А. Жээнбеков, М. Айнакулов, А. Акматов, А. Жапаров,Р. Туманбаева, К. Бокоев, Э. Токтошев.