Бишкек. 02.04.2019. Govori.TV.
Буга чейин коомчулукта саясатчылар Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов биригет деген маалымат тарап, бул талкуу жараткан. Бул тууралуу “Ата Журт” партиясынын мүчөсү, мурунку депутат Надира Нарматова “Govori.TV” агенттигине эки партиянын бирүүгүсүн колдобой турганын билдирди.
“ Ташиев менен Бабановдун биригүүсүн колдобойм. Жактырбайм деле. Ата Журт партиясынын коомдо өзүнүн оорду бар. Камчыбек Кыдыршаевичтин эмне максатта кайра биригип, кайра табышып, жетелешип аткандыгын анын өзүнөн сураш керек”,-деди Нарматова.