Бишкек. 12.02.2019. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын мурдагы эсепчиси Надира Сатыгул кызы шайлоо тууралуу документтердин интернетке чыгып, ызы-чуу болуп кетишин ойлогон эместигин билдирди.
Бул тууралуу Жээнбековдун шайлоо штабынын мурунку эсепчиси Надира Сатыгул кызы видеотасма аркылуу, Кыргызстандан эмне үчүн кетип жаткандыгы тууралуу айтып берди. Анын видеосу Oper.kg сайтында пайда болду.
Сатыгул кызынын айтымында Алмазбек Атамбаевдин жакыны Икрамжан Илмияновдун кармалышынан кийин республикадан чыгып кетүүнү чечкен. Билдирүүсүнө ылайык анын артынан кимдир бирөөлөр байкоого алышкан.
«Мен мунун баарын Алмазбек Шаршеновичке айтып бердим, ал мага менин коопсуздугум үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө кеңеш берди. Мен баарын таразалап көрүп, макул болдум. Мен эч кимден качпайм, жөн гана менин көрсөтмөм аркылуу кимдир бирөөлөр өз пайдасына иштеп албасын деп жатам. Кетээрдин алдында бардык документтерди Атамбаевге калтырып кеткем. Мен ал документтерди интернетке чыгарып жиберишин билген эмесмин. Мен ал документтер жарыяланган кезде аябай кыжаалат болдум. Бирок кийин чындык деген чындык да, деп өзүмдү соороттум. Балким ушундай болгону дурустур»,-дейт Надира сатыгул кызы.
Сөзүнүн аягында Надира Сатыгул кызы Бишкекке аны эч ким куугунтукка албагандыгына көзү жетээри менен сөзсүз кайрылып келээрин кошумчалады.