• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

 Нарын–Баетов жолу жаңыланууда

28 Чын куран 202614:14 Бишкек Govori.TV

Нарын – Баетов унаа жолунун бир нече чакырымдарында курулуш иштери активдүү жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө 8-13-чакырымга чейинки аралыгында асфальттын экинчи катмары төшөлүп жатат.

Ошондой эле 84-115-чакырымга чейинки тилкенин 11,7 чакырымына асфальттын биринчи катмары басылып, калган тилкеде жер иштери жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу процесси жүрүүдө. Ал эми 99-102-чакырым аралыктын оң тарабына асфальттын биринчи катмары басылууда.

Мындан тышкары, 115-120-чакырым аралыгына асфальт-бетондун төмөнкү катмарын төшөө жумуштары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Нарын – Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакрымды түзөт. Унаа жолунун курулушуна керектүү бардык ресурстар толук камсыздалган.

Количество просмотров: 103