• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Нарында 2 жигит чырдашып, ок атылды

25 Жетинин айы 202014:08 Бишкек Govori.TV


Нарын шаарында 2 жигит чырдашып, ок атылды. Маалыматты Govori.TVга Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, кечээ, 24-ноябрда саат 18:20 чамасында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн «102» кызматына Нарын шаарынын Кулумбаев көчөсүндө жайгашкан «Корона» ресторанынын алдында бир адамды бир адам ок атуучу курал менен атып, денесине жаракат келтирилди деген маалымат келип түшкөн.

«Аталган билдирүү Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда Нарын шаарынын 1997-жылы туулган тургуну К.А. менен 1999-жылы туулган тургуну Т.Э. экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, Т.Э. белгисиз ок атуучу курал менен бир жолу ок аткан. Ал ок Нарын шаарынын 1997-жылы туулган тургуну М.Д.нын (көчөдө турган) оң бутуна тийген. Жаракат алган адам ошол учурда жолдон өтүп бара жаткан автоунаа менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылды»,-деп айтылат маалыматта.

Бул окуя Нарын ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Количество просмотров: 164