Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.
Нарын облусунун Ат-Башы районунда 2019-жылга карата район боюнча каттоого алынган 2843 итке паспорт берилген. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик ветеринардык-фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы билдирди.
“Ат-Башыда жалпы 2843 ит каттоого алынып, алардын баардыгына паспорт берилди. 4-5 жыл мурун стандарт болчу. Аны күтпөй эле өзүбүз жасадык.Эми ар бир айыл өкмөткө таратып беребиз. Анда иттин аты-жөнү, жугуштуу ылаңга каршы кайсы күнү эмделгени, колдонулган дары, ит жөнүндө жалпы маалымат берилет. Кошумчалай кетсек, иттерди 2012-жылдан бери каттап баштаганбыз, жылда жаңыртылып келет. Китепте итти кантип багуу керектиги жөнүндө дагы маалымат камтылган”-деп билдиришкен аталган мекемеден.
“Ошондой эле, паспорт берүүнүн максаты — итти квартал сайын дарылоодон өткөрүп туруу. Итин каттоодон өткөрбөгөндөрдүн итин жок кылыш керек. Быйыл район боюнча 5 миңге чукул ит атылды. Акыркы жылдары иттер азайып бара жатат”,-деп кошумчалашкан.
Булак: Турмуш.кг