• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Нарында жол кырсыгынан жети адам жабыркады

20 Аяк оона 20219:22 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунда жол кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 19-сентябрь саат 14:45 чамасында Кочкор-Чаек унаа жолунда, Кызарт ашуусунда болгон. Анда KIA-K5 унаасы менен Subaru-Legasy унаасы сүзүшүп, анын кесепетинен 2 эркек, 5 аял ар кандай жаракат алган.

Жерине барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №42 Кочкор райондук бөлүмүнүн 4 куткаруучусу жабыркаган жарандарды «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 788