Бишкек. 26.02.2019. Govori.TV
Нарында азан айтуу боюнча сынак өтөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлады.
Маалыматка ылайык, азанчылар ортосундагы мелдеш 10-мартка чейин райондордо өтүп, 27-мартта облустук туру болот.
«Сынак азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо максатында уюштурулууда», — дейт муфтият.
Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылат.