Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эмилбек Алымкулов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини Нарын облусуна барып, жамаатка вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырат.
Белгилей кетсек, буга чейин Өкмөттүн Нарын облусундагы мурдагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетүү боюнча өз каалоосу менен өкмөт башчыга арыз жазды. Ал бул кызматта 2013-жылдан бери иштеп келген.