Наталья Никитенко: «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашпай сотко ашып жатат»
Наталья Никитенко: «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашпай сотко ашып жатат»
16 Тогуздун айы 2018 16:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.10.2018. Govori.TV
Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде депутат Наталья Никитенко «Коопсуз шаар» долбоорунун 7 жылдан бери ишке ашпай жатканы боюнча ким жооп берээрин өкмөт мүчөлөрунөн сурады.
«Коопсуз шаар» долбоору 2011-жылдан бери ишке ашпай келе жатат. Бул жакшы жыйынтык эмес. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 4 миң 469 жол кырсыгы катталган. Анда 615 адам коз жумган»,-деп билдирди эл өкүлү. Аталган долбоор ушунча жылдан бери ишке ашпаганына нааразы экенин жана сотко өтүп жатканын кошумчалады.
Бул боюнча биринчи вице-премьер-министр кубатбек Боронов ишке ашпай жатышына кимдир бирөөнүн, кандайдыр бир жоопкерчиликке тартылганы тууралуу маалымат жок экенин айтты. Ошондой эле Боронов бул аралыкта 5-6 өкмөт курамы алмашканын билдирген.