“Нелегал-2021” рейдинин жүрүшүндө 3,4 кг баңгизаты алынды
“Нелегал-2021” рейдинин жүрүшүндө 3,4 кг баңгизаты алынды
16 Теке 2021 13:02 Бишкек Govori.TV
Кыргызстанда 5-июлдан 12-июлга чейин «Нелегал-2021» комплекстүү иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Операцияны өткөрүүнүн жүрүшүндө төмөнкү иштер аткарылды:
мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча 19 факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды;
Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 13 факты аныкталды (Жоруктар жөнүндө кодексинин 108-беренеси);
чет өлкөлүктөрдү каттоо тартибин бузган 24 факты аныкталды (Бузуулар жөнүндө кодексинин 292-беренеси);
чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузган 3 факты аныкталды (Бузуулар жөнүндө кодексинин 57-1-беренеси);
54 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган;
мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 4 факты аныкталды (Жазык кодексинин 358-беренеси);
экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу боюнча 15 факты аныкталды (Жазык кодексинин 315-беренеси);
баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу 7 кылмыштын бети ачылды, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 кг 436 гр салмактагы гашиш жана марихуана алынды.
«Telegram» аркылуу синтетикалык баңгизат сатууга көмөктөшкөндөр кармалды
“Telegram”мессенджери аркылуу синтетикалык баңги заттарды сатууга көмөктөшкөн криптовалютанын ээлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка …