• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Нигериянын аймагында безгек эпидемиясынан каза болгондордун саны 29га жетти

9 Жетинин айы 2019 22:51 Бишкек Govori.TV

Нигериянын Баучи аймагында сары безгек эпидемиясынан каза болгондордун саны 29га жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, аталган аймакка караштуу Алкалери, Янкари, Кирфи жана башка жерлеринде 224 кишинин сары безгек менен ооругандыгы аныкталып, каза болгондордун саны 29ге жеткен. Учурда эпидемияларды алдына алуу үчүн иштердин улантылып жаткандыгы айтылган.

Кошумчалай кетсек,  Баучи аймагында эки ай мурда сары безгектен улам 22 киши каза болгон.

Количество просмотров: 57