• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Нью Делидеги өрттөн 17 киши каза болду

12 Бирдин айы 201914:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.02.2019. Govori.TV

Индиянын борбору Нью Делиде Arpit Palace мейманканасынан өрт чыгып, мерт кеткендердин саны 17ге жетти. Бул тууралуу NDTV сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, таңкы саат 04:00 чамасында чыккан өрт төрт кабаттуу мейманкананы жалмап кеткен.

Кырсыктан жабыркаган үч киши ооруканага жаткырылып, 34 адам куткарылды.

Полициянын айтымында, каза болгондордун көпчүлүгу иске думукса, экөө өрттөн качып, балкондон секирип жиберип мерт кеткен.

Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар иликтенүүдө.

Булак: “Марал” радиосу

Теги:
Количество просмотров: 28