• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Nokia бренди менен 5 камералуу смартфон чыкты

25 Бирдин айы 2019 11:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV

Финдик HMD Global компаниясы Nokia бренди менен чыгарылган 5 камералуу жаңы смартфонду сунуштады. Бул тууралуу аталган компания өз сайтында жарыялады.

Nokia 9 PureView моделиндеги гаджеттин арткы панели Zeiss оптикасы менен камтылган. Өндүрүүчүлөрдүн билдирүүсүнө караганда, 5 камера менен тартылган сүрөт автоматтык түрдө биригет жана тартып эле фокусун тууралоо мүмкүнчүлүгүн түзөт. Андан сырткары, сүрөт 12 мегапикселдеги «өзгөчө динамикалык диапазонду» бере алат.

HMD Global бул смартфон атайын фотографтарга ылайыкталганын айтышкан. Гаджет RAW форматында тартып, телефон аркылуу эле түздөн-түз сүрөттөрдү өзгөртүүгө, оңдоого болору билдирилет.

Nokia 6 дюмдук экранга ээ, Qualcomm Snapdragon 845 процессору менен иштейт, 6 гигабайт оперативдик жана 128 гигабайт өздүк эс тутумга ээ.

Смартфон сатыкка мартта чыгарылары күтүлүүдө. АКШ доллары менен эсептегенде болжол менен 699 доллар (48,700 сом) тураары айтылууда.

Булак: “Марал” радиосу

Теги:
Количество просмотров: 8