Бишкек.14.01.2019.Govori.TV.
Ноокат районунун Гүлистан айыл өкмөтүнүн 40 жаштагы тургунуна ок тийип, жаракат алды. Ош ОИИБ тастыктаган маалымат боюнча, окуя тууралуу билдирүү бүгүн, 14-январда саат 11:20 чамасында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн.
Ыкчам терөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 22-23 жаштагы 3 адам (эркек киши) кармалды. Алар 40 жаштагы адамды арматура менен чаап, белгисиз курал менен атып кетишкен. Милиция кызматкерлеринин тергөө иштеринин жыйынтыгында «Хонда ЦРВ» унаасы, узундугу 1 метр 10 см эки арматура, «ИЗ-17» үлгүсүндөгү 16 калибрлүү сайсыз аңчылык куралы табылды. Жабырлануучу аларга 48 миң сом карыз болгон. Шектүүлөр аны талаага алып барганда кайым айтышуу чыккан.
Ал эми Ноокат аймактык ооруканасынан билдиришкендей, жабырлануучу — 1979-жылы туулган И.Н. оор абалда ооруканага жеткирилген. Анын 2 колу сынып, бутуна ок тийген. Тактап айтканда, баш сөөгү катуу жабыркап, ошондой эле буту да сынып кеткен. Учурда абалы абдан оор, өзүнө келе элек. Жабырлануучуга жардам көрсөтүү үчүн Ош шаарынан тиешелүү дарыгерлер чакырылды.
Булак: turmush.kg