Убойный цех в селе Новопокровка айылындагы мал союучу цехтен чыккан ыплас суулар ЧУ дарыясына кошулуп жатканы тууралуу маалымат социалдык тармакта тарады.
Бул билдирүүгө жооп берген Мамэкотехинспекциясынын өкүлү окуя ошол эле күнү такталып,текшерүүгө алынганын айтты.
«Жеринде протокол түзүлүп, айып пул салынган. Коомчулук тарабынан чыккан маалыматтарга инспекторлор тарабынан ыкчам чара корүлөт. Кокус кимде ким ушул сыяктуу маалыматка күбө болуп калса, Мамэкотехинспекциянын Басма сөз кызматына жөнөтүңүздөр, биздин даректер социалдык баракчаларыбызда толук жүктөлгөн», — деди ал.
Ал эми бул жаңылыкты чыгарган жаран кайрадан пост жазып, аталган цехтин эшиги култанып, айып пул салынганы тууралуу маалымта берди.